Боюнда бар аял грипп болсо эмне кылуу керек

Обновлено: 19.04.2024

- Жакын туугандар менен куда түшүүдөн сактануу. Мында үч урпактын ичиндеги жакын туугандардын үйлөнүүсүнө тыюу салуу керек.

- Үйлөнөрдүн алдында ар бир адам доктурга текшерилүүсү зарыл. Мында кандары бузук адамдар, шал оорусу менен ооругандар, мунжу болгон адамдар докдурдун текшерүүсүнөн кийин гана аныкталынат. Мындай оорулар адамдын организминде болгон болсо, анда ал адамдын бир-бири менен баш кошуусун токтотуу керек. Себеби, мындай оорусу бар адамдардын кийинки муундарында да болушу ыктымал. Адатта аялдарда 25 жаштын айланасында боюна бүтсө жакшы болот. Боюнда барлар өтө жаш же өтө арылап кетсе андан төрөлгөн балдардан дагы тубаса майып абалдагы оорулар байкалат.

- Боюнда бар аял тамекиден жана арактан оолак болушу зарыл. Тамекиде көмүр кычкылы жана арактагы спирт эненин денесине тарагандан кийин түйүлдүктүн нормалдуу жетилүүсүнө тоскоолдук туулат. Мөөнөтүнөн мурда төрөп коюу, боюнан түшүү, башы көзү майып абалда болуп калуу, шал туулуп калуу сыяктуу жаман окуялар пайда болот.

- Боюнда бар аял боюна бүткөн алгачкы үч айында аспирин, тетрациклин, стрептацилин, тынчтандыруучу дарылар, ошондой эле Д, К, В, витаминдер кабыл алса майып балдар төрөлөт.

- Боюнда бар кезинде жыныстык катнаштан алыс болуу керек, эгерде болуп калган учурда ар түрдүү микроб жана вирустар эненин денесине барып түйүлдүккө жугат. Ал анын дем алуусуна тоскоолдук кылат же сарык оорусу пайда болот. Бул учурда түйүлдүктүн майып болуп калышы да мүмкүн.

- Ашыкча толкунданбоо жана кайгырбоо зарыл. Боюнда бар кездеги өтө эле толкундануу жана кайгыруу ички бузулууну пайда кылат. Мисалы, бөйрөктүн үстүңкү нерв жипчелери өзгөчө көп иштеши түйүлдүктүн борбордук нерв системасын үзгүлтүксүз иштөөсүнө залалы тийип чабалактатып кереңдик оорусун пайда кылат.

- Боюнда бар кезде бир эле түрдөгү тамакты жей бербөө зарыл. Түйүлдүктүн өсүп жетилүү мезгилинде көп түрдөгү азыктарды талап кылат. Ошондуктан белогу көп болгон азыктарды: жашылча, коон, дарбыз, жер-жемиштерди көбүрөөк жеш керек. Денедеги витамин, минерал целлюлозалардын жеткиликтүү болушуна көңүл бөлүү зарыл. Алар үйүлдүктүн баш мээсиндеги клеткалардын жакшы жетилбестигинен кийин бала макоо болуп жана мөөнөтүнөн мурда төрөлүп калуусунан алдын ала сактайт.

- Боюнда бар кезде оор жумуштарды жасабоо сунушталат. Бул учурда кир жууш, үй-тиричилик иштерин жасоо жана да пайдалуу жеңил кыймылдар менен айланышып жүрүү зарыл. Адаттан тышкары бел көп кийиле турган оор жумуштарды кылбоо керек. Ата болуучу адам балалуу болгусу келсе аялынын кош бойлуу кезинде тамеки тарткандан, аракты ичкенден четтетилиши керек. Себеби, тамеки тарткандан жана арак ичкенден , адамдын спермасы начарлайт, түйүлдүк жетишилген, начар абалда болуп калышы мүмкүн. Аялы боюнда бар кезде бөлмөдө көп тамеки тартса анын түтүнү түйүлдүккө зыянын тийгизет.

- Боюнда бар аялдар сууга жуунса же бууга отурса денедеги ысыктык өлчөмү күчөп курсактагы бала майып болуп калуу коркунучу бар.

- Боюнда бүтүүнүн алгачкы мезгилинде 10 жана 14-жумаларда курсактагы баланын борбордук нерв системасы өрчүйт. Мындай абалда өтө жогорку ысыктыкка кабылганда өрчүү убактысында туура өсүп бара жаткан клеткалар өлүмгө учурайт. Жабыр тартуунун себебинен баланын нерв системасы толугу менен өсө албайт да, бала мандемдүү болуп төрөлүп калат. Ошондуктан боюнча бар аялдар алгачкы кездерде дененин ысыктыгын жогорулатуу абалынан сактанышы тийиш.


Супер-Инфо

Кинозал

Маек

Маек

Маек

Жарыялар

Супер-Инфо

Жылнаама







Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 19 Март 09
  • Соңку аракети: 02 Фев 2014 13:53

Салам достор!Мен жакында эде бир курбу кызым менен бир салонго барып калдым.анан ал жерде бир боюнда бар аял чачын кырктырып,боетуп жатыптыр.Жанымдагы курбу кызым "Боюнда бар аял чачын кырктырса болбойт"деди. бирок эмне учун кырктырса болбойт?Ушуга жооп бере аласынарбы? менин дос кызым да, мен да билбейт экенбиз.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03

Ооба, кырктырса болбойт. Анткени аялдын физиологиясы ошого ылайыкташкан. Керек болсо курсакта жаткан балага да психикалык жактан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала төрөгө ндөн кийин аялдын чачы кырктырбаса деле аябай түшөт. Ошондуктан кырктырбаганы оң.

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 21 Мар 2022 17:10

Ошондой, ырым-жырымдар бар экенин мен да уккам.

Негизи кош кабаттуу аял эч нерсесин озгортпогону он.

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16

Ооба, кырктырса болбойт. Анткени аялдын физиологиясы ошого ылайыкташкан. Керек болсо курсакта жаткан балага да психикалык жактан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала төрөгө ндөн кийин аялдын чачы кырктырбаса деле аябай түшөт. Ошондуктан кырктырбаганы оң.


Сен мунун баарын кайдан билесин? Шариятта жазылып турабы же библиядабы, мумкун Кодекстерде го? Же Гиппократ ошентип айтты беле?

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 15 Апр 2022 22:00

Албина суроонузга тушунбодум Лайф туура айткан физиологиялык жактан таасири бар.Кала берсе ырым жырымдарга кирет.Ырым жырымдардын баары туура чыкпаса да айрымдарынын кучу терен.Бонда бар убагында чачын кыркуу-баласын омурун кыркуу деген менен барабар болуп калат экен мааниси.Ушундай кептер бар.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03

Сен мунун баарын кайдан билесин? Шариятта жазылып турабы же библиядабы, мумкун Кодекстерде го? Же Гиппократ ошентип айтты беле?

Жакшы суроолор экен. Эркек катары мен билбесем да, энеликке талапкер кыздардын көбү өзүнү н ден-соолугуна эмне пайдалуу экенин биле жүрүшү абзел. Муну болсо Гиппократ Геродотко айтып кетиптир. Ал болсо жазып калтырып коюптур.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16

Жакшы суроолор экен. Эркек катары мен билбесем да, энеликке талапкер кыздардын көбү өзүнү н ден-соолугуна эмне пайдалуу экенин биле жүрүшү абзел. Муну болсо Гиппократ Геродотко айтып кетиптир. Ал болсо жазып калтырып коюптур.


Боюнда барда чач кырктырган ден соолукка зыян бекен? Укпаптырмын. Сен ото эле суеверный окшойсун

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15

Албина суроонузга тушунбодум Лайф туура айткан физиологиялык жактан таасири бар.Кала берсе ырым жырымдарга кирет.Ырым жырымдардын баары туура чыкпаса да айрымдарынын кучу терен.Бонда бар убагында чачын кыркуу-баласын омурун кыркуу деген менен барабар болуп калат экен мааниси.Ушундай кептер бар.

мен Архидейге кошулам , чачын кыркуу баласынын омурун кыркуу дегенди уктум эле .
бирок эмнеге кестиришет тушунбойм узун кылып остуруп журо беришпейби .

Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья. Не вижу смысла быть несчастной, имею наглость быть счастливой! !!

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 22 Май 08
  • Соңку аракети: 14 Июн 2014 17:26
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 15 Апр 2022 22:00


Сырыны эч ким так айта албастыр,ырым жырым бул баш ийгенге баш иет,баш тартканга баш тартат.Бирок кантсе да тарбиялык жактан да айтылган кептир.Кыз баланын чачын кыркуу болбойт,узун кылып остуруп журуусу керек деп койот илгери откон энелерибиз. Кантсе да салтыбызга, урп адатыбызга, ырым жырымдарга баш ийуубуз керек.Ыймандуу кыргызбызго. Кыркпа дедиби кырпа чач кыздын корку.

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 20 Дек 2021 18:02

Ой биринчи аялдын чачы узун болгон жакшы да.Бир акын ырдаган экен.
жайкалып жатсам узун чачындын устундо..анан бирдеме бир деме деген бар.кыскасы балага кандай зыяны бар экенин билбейм бирок кырктырбай эле коюшса.Боюнда болсо да болбосо дагы.эхх

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30

Вау достор! Боюнда болгон, балалуу болгон айымдардан сурасанар боло. Суеверие бул жерде эч кандай роль ойнобойт, ырым-жырымы деп кыргызча айтсак болот, ошентсе деле тушунуктуу болуш учун илгери ошентип коркутуп коюшчу келиндерди. Аялдын боюна буткондон тартып, бут терс жасаган нерселердин баары ичте жаткан туйулдууко зыянын келтирет. Анткени дегенде, бизден жаралат ал ымыркай, биздин ар бир дене мучобуз ошол туйулдук менен байланышта. Чач болобу,же башка нерсе болобу. Боюнда барында чач кыркуу, чач боегонго, тырмакты боегонго болбойт.Медицина жактан тилин билбейт экенмин, бирок бул далилденген нерсе.
андан сырткары да коп нерсени ичип жегенге да болбойт, тамеки тарткан ал убакта эн жаман таасирин тийгизуучу нерсе. Тескерисинче, ал убакта, бала ичте жаткандан тартып, наушник менен балага классикалык музыканы угузуш керек, жаман нерсе ойлобош керек, жаман суйлобош керек. Жаза берсе, айта берсе толо. ал башка тема болуп кетет.

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 667
  • Катталган: 16 Февраль 09
  • Соңку аракети: 13 Июн 2012 18:21

Жудоп кетткендиктен кырктырса керек, кырктырган баланын жашоосуна эч кандай таасир этпейт, баардыгы Кудайыман. ал эми чачты бойоо болбойт деп уккамын, анткени химикат балага медицина жагынан таасир этиши мумкун.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 28 Январь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2010 09:47

Чач кыркпоо ырым бул бидин каныбызга синип калган болуш керек.
Болок мамлекетин аялдары боюунда бар кезинде чачтарын кыркып эле жашынакай ымыркайларды тороп
чонойтуп эле жатышат.Мен дагы бирок боюумда бар кезде кыргыздын ырымын колдонуп кыркан эмесмин.
Чачым ушунчалык узарып кет ошол учурда эмне экенин билбейм аябай жудогом жууш кыйн болчу ошенсе дагы кырканга колум барбады.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 11 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 26 Июн 2012 18:14

Emnesi bolso da men usun jana boelbgon chachty jakshy korom.
otkon jyly chachym belimden yldyi bolup osup kalganda jainda yssyktan judop kyrkyp salgan elem 2 kun otpoi ayabai okundum .oshondon beri kaira osturup jatam asyr buirusa osup kaldy.
tema bojuncha:
men dagy ukkanmyn bojunda bar kesinde chach kyrkkanga bolboit dep.sebebin bilbeit ekenmin
oshondoi ele boiunda bar kesde enenin choirosu kanday bolso kijin bala dagy oshondoi munosgo ee bolot imish

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 19 Февраль 10
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2010 13:47

men da uwul jonundo ukkan elem, azyr boyumda bar kezim.4a4ym uzaryp belimen yldyi tuwup ketkeninen, apamdan kyrksam bolobu dep suradym,apam da owol yrym-jyrymdy aitty. Emnesi bolso da bala torolgon4o kyrkpai ele koyoyun dep 4e4tim.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 26 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Май 2016 17:05

ЛИМОН (23 Мая 2009 - 13:26) жазган:

Ой биринчи аялдын чачы узун болгон жакшы да.Бир акын ырдаган экен.
жайкалып жатсам узун чачындын устундо..анан бирдеме бир деме деген бар.кыскасы балага кандай зыяны бар экенин билбейм бирок кырктырбай эле коюшса.Боюнда болсо да болбосо дагы.эхх

me ssssaga. bugun ele uzun 4a4ymdy kyrktyryp salbadym bele.
tema boun4a bolso,boeso 4yn ele bolboit bolsuh kerek,antkeni al himikat,a kyrktyrgan bounda bar a9ldy korgom,andan e4teke dele bolup ketken jok go!?
al ar biroonun oz ishi anan ishen4ektigi go.

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 27 Август 07
  • Соңку аракети: 21 Дек 2018 15:23

Биз кээде аябай эле ырым-жырымдарга берилип кетебиз да. Менимче, чач кырккандан көп деле зыяны болбосо керек. Чачың түшүп жатса айласыз деле кыскартканга туура келет . Ошондо кайра жеңилдеп каласың.

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: Кечээ, 16:41

Негизи Мусулманчылыкта Кыз баланын чачын кыркканга болбойт!, дегени менен баарибир кырктырып эле жатабыз.
Эми жок дегенде ушу Наристе учун кырктырбай эле, чачты байлап же оруп алса жакшы эле болмок. Аны териштирип эмнеге, эмне учун анан анда эмне болмок эле? дегенче!! !

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43

омииий, мунун баарын билбей кайда жургом? сураш керек экен, башында шамал ойнобогондордон. ошол гишилер БИЛГЕНДЕРИН жашырп журо бербей жазып коюшса. жакшы болот эле. билимди жашырбайт деп койчу беле?







№652 1-май-7-май, 2015-ж

БАШ АЙЛАНУУ
Баш айлануунун себеби бир нече. Гемоглобиндин азайышы, кан басымдын түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбагандын кесепети баш айланууга алып келет.
Кош бойлуу айым такыр ачка болбошу керек. Башы айланса, отуруп же жатып дем алып алганы оӊ. Кан басымды жана гемоглобинди врачтын жардамы менен көзөмөлдөп туруу керек. Көп кайталанса, бир катар текшерүүдөн өткөн оӊ.

ТАЛГАК
Көпчүлүк айымдар кош бойлуу болору менен тамакка көӊүлү чаппай, куса башташат. Дарыгерлер муну түйүлдүктүн эненин гормоналдык фонун бузуусунан улам деп айтышат. Андан сырткары эненин боору ооруганы жана ген жактан берилиши менен да түшүндүрүлөт. Көпчүлүк айымдарда талгак 14-20 жумалыгында токтойт, 9 ай бою талгак болгондор да кездешет.
Жеӊил, көӊүлүӊүз каалаган тамактарды, жашылча-жемиштерди жеӊиз. Тамакты аздан, бирок тез-тезден жегенге аракет кылыӊыз. Таза абада көп сейилдеп, бир нерсе менен алек болгонго аракеттениӊиз. Эгерде кусуу күнүнө 10 жолу кайталанып, салмак жоготуп, такыр алсырай баштасаӊыз, ооруканага жатууга туура келет. Стресс талгакты күчөтө турган нерсе болгондуктан, сизге капа болгонго болбойт.

ГИПЕРТОНУС
Кош бойлуу учурда ичиӊиз катуу тартып, тырышып калган учур да кезигет. Муну жатындын тонуста болушу же жатындын өз алдынча жыйрылышы деп аташат. Бул аялдын көп иштегенинен, стресстен, ар кандай жугуштуу оорулар менен оорушунан, уйкусу канбагандан келип чыгат.
Эч нерсе болбойт деп жатып алуу туура эмес, сөзсүз врачка көрүнүү керек. Ал жазып берген дарыларды ичип, үйдө тынч жатып эс алганга аракет кылыӊыз. Тынчсыздануу, бир нерседен коркуу, оор жумуш кылуу жатындын жыйрылышына алып келет. Түйүлдүк бойдон түшүп калышы же маалына жетпей төрөлүүсү күтүлөт.

ТЕРИНИН КЫЧЫШУУСУ
Cүт толуп, чоӊоё баштагандан улам эмчек жана түйүлдүктүн чоӊойгонунан улам курсак териси чоюлуп, кычыша баштайт. Бул энеге ыӊгайсыздык жаратышы мүмкүн.
Кычышкан жерлерди катуу тырмап салсаӊыз, теринин жарылуусуна алып келиши ыктымал. Тырмагандын ордуна жеӊил массаж жасап, атайын крем сүйкөп коюу керек. Андан тышкары өтө ысык эмес сууга түшкөндөн кийин сүлгү менен эмчекти жакшылап 10 жолудан сүртүп койсоӊуз болот. Бул кийин баланы эмизгенде эмчектин үрпүнүн жарылбашына жардам берет.

ШИШИК
Төрөт жакындап калган убакта көп айымдарда буттун шишип жатканы байкалат. Жатын чоӊойгон сайын жамбаштагы кан тамырларды кыса баштап, кан айлануу
начарлап, бут шишийт. Мындан тышкары тарамыштын бат-баттан түйүлүшү катталат. Кош бойлууларды варикоз да жүдөтүшү мүмкүн.
Отуруп иштеп жатсаӊыз, убак-убагы менен ордуӊуздан туруп, басканга аракеттениӊиз. Күн сайын 15 мүнөт бутту өйдө көтөрүп жатканды адат кылып алыӊыз. Туздуу тамактарды көп жебеӊиз. Буттун тырышып калышы организмге кальций жетпей жатканынан кабар берет, быштак жесеӊиз болот. Варикоз болбоо үчүн жалпак така кийип, эки-үч саатта бир бутту көтөрүп жата туруу жардам берет.

ТЕЗ-ТЕЗ ЗААРА КЫЛУУ
Бөйрөк ооруларынан улам же жатын чоӊоюп, табарсыкты басып калгандан улам ажатканага чуркап каласыз.
Ажатканага барбайм деп чыдап, кыйналуу туура эмес. Анда бөйрөктөрдүн иштөөсү ого бетер начарлайт. Түн ичинде тез-тез ажатканага чыкпоо үчүн кечке маал суюктук ичкенди азайтыӊыз.

ИЧ КАТУУ
Кош бойлуу учурда ич катуу көп кездешет. Ажатканада көпкө отурганда жана ыйынганда ич кысылып түйүлдүккө аба жетпей кыйналышы мүмкүн.
Ич катпашы үчүн көбүрөөк суюк тамак ичип, жер-жемиш жеп, атайын кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Күнүнө 5 мүнөттөй мышык сымал төрт аяктап турууну адат кылып алсаӊыз, бул ич катуунун алдын алмакчы.

ЗАРНА
Зарна эненин гормоналдык фонунун бузулушан улам келип чыгат. Ашказандын иштеши начарлап, кыйнайт. Бирок энеге жана балага терс таасирин тийгизбейт.
Зарнага каршы дарыны гинеколог гана жазып берет. Андан тышкары өзүӊүз да абалды жеӊилдете аласыз. Ачуу, куурулган тамактардан качып, жер-жемиш көбүрөөк жеӊиз. Сабизди таза жууп жесеӊиз да жардам берет.

Эсиӊизде болсун, кош бойлуулар эч качан өз алдынча дарыланып, антибиотик ичпеши керек!







Баланын төрөлүшү өзгөчө эне үчүн айтып бүткүс кубаныч эмеспи. Бирок эне болуу кубанычы узакка күттүрсөчү? Мындай учурда кадимки медицинадан да, элдик медицина жардамга келет.

ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, аялдар бойго бүтүрүүгө ылайыктуу кезде эркектерге сигнал бере алышат. Анткени бойго бүтүрүүгө ылайыктуу деп эсептелген кезде аялдын үнү бийик чыгып калат. Ал кез этек кир келердин алды болуп эсептелет. Аялдар өздөрү да сезбей жиберген сигналды эркектердин организми айымдын организми бойго бүтүрүүгө даяр деп кабыл алышып, дүүлүгүп чыгат экен.

САЛТТУУ МЕДИЦИНА
Бойго бүтпөөнүн себеби ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Мисалы, жыныстык органдардагы кемчиликтер же сезгенүүлөр, бойго бүтүүгө жагымсыз мезгил, стресстик кырдаал.
Албетте, себебин тактоо жана дарылоо, дарыгердин милдети. Бирок жыныстык органдардагы кемчиликтер жана сезгенүүлөр жок болсо, анда аял өзүнө жардам бере алат.

Ылайыктуу убакыттан пайдалан

Ар бир айда аялдын оң же сол эн безинен урук клеткасы бышып жетилип турат. Жетилген урук клеткасы аялдын эн безинен чыккандан тартып аялдын дене жылуулугу жогорулап, эти 3-4 күн ысып турат. Демек, аялдын боюнда болуу мүмкүнчүлүгү күчөйт. Мына ушул бойго бүтүүгө ыңгайлуу учурду колдон чыгарбоо кажет.

Эмне үчүн эки күндө бир жолу? Анткени секс канча көп болсо, эркекте урук суюктугу ошончолук аз болот. Андыктан урук суюктугу топтолсун үчүн 2 күндө бир сүйүү оюнун куруу керек.
Ал эми 5-6 күндө бир төшөк оюнун куруу, бойго бүтүү мүмкүн­чүлүгүн абдан азайтат.

Төшөк ыкмаларынын таасири барбы?
Бойго бүтүрүү үчүн төшөк ыкмаларын тандоонун зарылдыгы жок. Анткени алдыга жылып кыймылдоого сперматозоиддерге мурутчалары жардам берет. Эркектин урук суюктугу аялдын жыныс кынына түшкөндө, миллиондогон сперматозоиддер жатынды көздөй жылып жөнөшөт. Анан бир нече мүнөттөн кийин анда болуп калышат.
Эгер бойдо болбосо, анда тынчсыздануунун кереги жок. Анткени бойго бүтүрбөөчү каражаттарды ичпей калгандан тартып, жок дегенде 1 ай өтүшү керек. Ошондо гана организм бойго бүтүрүүгө даяр болот.
Айта кетчү нерсе, жашы 35тен өткөн аялдарда бойго бүтүрүү кыйынчылыгы жогору. Эгер 5-6 ай ичинде бойго бүтүрүү тилеги ишке ашпаса, анда дарыгерден кеңеш алуусу зарыл.
Бойго бүткүчө жана бүткөндөн кийин да жубайлар ичимдиктен алыс болуулары керек. Ичимдик жыныстык клеткаларга тескери таасирин тийгизет. Башка зыяндуу заттардан (боёк, лак, эритмелер ж.б.) да алыс болуу оң. Дары-дармектерди кабыл алууга, рентгенге түшүүгө болбойт.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Е витамини. Бул витамин аялдардын эн безинин, ал эми эркектердин урук безинин жакшы иштөөсүнүн өбөлгөсү. Е витамининин булагы болуп розанын желекчелери эсептелет. Розанын желекчелеринин үстүнө кайнак суу куюп демдеп койсо, роза суусу даяр. Муну ачкарын ичүү керек.
Е витамининин дагы бир булагы – чы­чырканак. Чычырканактын ширесин, майын ичип же жаңы мөмөсүн жеш керек.
Ашкабакта Е витамини менен кошо организмге керектүү башка заттар да болгондуктан, муну пайдаланса, өтө жакшы.
Ашкабакты колдонуу талгактын алдын алып, ал эми бала эмизген аялдарда сүттүн көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттай тургандыгын айта кетели.
Кара көсөө (спорыш) . Бул чөп тукумсуздукка табылгыс каражат. Анткени жатынга жана эн безине дарылык касиетин тийгизип, бойго бүтүрүүгө жардам берет. Аны чай катары ичүүгө болот. 2 чай кашык кара көсөө чөбүнүн үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп, 4 саат демдөө керек. Анан бир күндө 4 маал, тамактан жарым саат мурун 100 граммдан иче берсе болот.
Сандык куурай (шалфей). Муну байыркы гректер аялдардын тукумсуздугуна каршы пайдаланып келишкен. Азыр да анын дарылык касиети жогору бааланат. 1 чай кашык сандык куурайдын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, демдөө кажет. Анан бир күндө 2-3 маал 1 аш кашыктан кабыл алуу зарыл.
Эскертип кетчү нерсе, чөп күчтүү болгондуктан, айтылган өлчөмдөн ашырбоо керек.
Чөптөрдүн топтому. Эн безинин сезгенүүсүн айыктырып, бойго бүтүрүүгө жардам берүүчү чөптөрдүн топтому да бар. Ал үчүн өгөй эненин, ромашканын, казтаңдайдын (тысячилистник), мажүрүм чөптүн (донник) жана теңге гүлдүн (календула) ар биринен 50 граммдан алып, үстүнө 600 грамм кайнак суу куюп, 3 саат демдөө зарыл. Анан бир күндө 30 граммдан 5-6 маал ичүү керек. Кабыл алуу мөөнөтү 1-2 ай.

Эскертип кетчү нерсе, дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурун дарыгерге кайрылуу зарыл.

КАЙCЫ ЖЕРИҢ ООРУУРУН ӨЗҮҢ АНЫКТА!

Ичиң же жүрөк тушуң оорутуп калды дейли. Мындай учурда ооруу белгилерине карап, кайсы жериң ооруп жатканын аныктап алсаң болот.

ИЧИҢ ООРУСА.
Курч кармаган холецистит (өт баштыкчасынын сезгениши) . Оң капталдагы кабыргалардын алды оорутат.
Курч кармаган панкреатит. Оорутуу бирде оңго, бирде солго көчүп, белди да камтыйт.
Ашказандын жарасы. Ичтин өйдөң­кү бөлүгү бычак сайгандай оорутат. Оорутуу курсакка да берилет.

БЕЛ ООРУСА.
Курч кармаган пиелонефрит. Белден башталган оорутуу жука чурайга берилет.
Люмбаго. Бул оор жумуштан, суукка урунуудан, оор инфекциялык оорудан кийин келип чыгуучу оорутуу. Ток тартып кеткендегидей болуп оорутат. Көбүнчө оорутуу жоон санда күтүлөт.
Миозит. Бул инфекциядан улам скелет булчуңдарынын сезгениши. Бел уютуп оорутат. Көбүнчө оорутуу муундарга да өтөт.
Куяң. Оорутуу белден башталып, жамбашка, анан тизеден ылдый шыйракка берилет. Оорутуу бир капталдан экинчи капталга оодарылганда, басканда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт. Ооруган жер сайгылашып, уюп, жансыз болуп калат.

КӨКҮРӨК ТУШ ООРУСА.
Миокард инфаркты . Миокард бул – жүрөктүн булчуң тканы. Демек, миокард инфаркты бул – жүрөктүн булчуң тканынын инфаркты. Жүрөк туш ооруп, оорутуу сол колго берилет. Оорутуу муздак терге түшүү, кусуу, коркуу менен коштолуусу мүмкүн.
Өпкөнүн сезгениши. Оор дем алганда жана жөтөлгөндө көкүрөктөгү оорутуу күчөйт.
Омуртканын көкүрөк бөлү­гүнүн остеохондрозу. Оор жумуш кыл­ганда жана катуу кыймыл жасап жибергенде, көкүрөктүн арткы тушу оорутат.
Кызыл өңгөчтүн сезгенүүсү. Оорутуу көкүрөктүн артына да берилип, ашказанда зарына пайда болот. Бир нерсени жутканда оорутуу күчөйт.

БЕЛДЕН ЫЛДЫЙ ООРУСА.
Эркектерде белден ылдый оорутууну заара чыгаруу системасында оору бар деп түшүнсө болот. Аялдарда заара чыгаруучу системасынын оорусунан тышкары этек кирдин оорутуп келиши менен, жыныстык органдардын сезгениши да белден ылдый оорутууну жаратат.

Читайте также: